This book is about semi-desert plants located in the southwestern part of Issyk-Kul. The region has little snow and rain It is known for its rains and strong winds, and the soil is gray-brown stony and salty in some places and saline, poor soil, poor soil. Semi-desert plants play important role in nature and human life:
• strengthens mountain soil with its long roots, protects against floods;
• enriches the soil with mineral substances (nitrogen, potassium, phosphorus, etc.);
• softens the soil, preserves moisture in the soil;
• protects against various harmful insects, etc.
• some plants are used for food;
• they are used as animal feed.
Many plants serve as a shelter for animals, insects, and birds serves. Lately, most of the plants are being lost. Some are cut for firewood, and some are cleaned while tourism infrastructure is built. Dear readers of this booklet, we hope you will find it interesting and useful. In this book, you can learn more on permaculture (new approach to agriculture) and how to use wild plants in agriculture to create sustainable systems. The book is in Kyrgyz, hope with the help of translation applications, you can read it.
Enjoy your reading!
Бул китепче Ысык-Көлдүн түштүк-батыш тарабында, Балыкчы шаарынан Кажы-Сай айылына
чейинки аймакта өскөн жарым чөл өсүмдүктөрү жөнүндө. Аталган аймак кар менен жамгыр аз
жааганы жана катуу шамалы менен белгилүү, топурагы боз күрөң таштак, айрым жерлерде туздуу
жана шор, жер кыртышы начар, жер кыртышы начар.
Мындай жерлерде татаал жаратылыш шарттарына ыңгайлашкан өсүмдүктөр (бадалдар, чөптөр)
өсөт. Бул жарым чөл өсүмдүктөрү. Алар болсо жаратылышта жана адам жашоосунда маанилүү
ролду ойнойт:
- узун тамырлары менен тоо кыртыштарын бекемдейт, селден сактайт;
- кыртышты минералдык заттар (азот, калий, фосфор, ж. б.) менен байытат;
- топуракты жумшартат, топурактагы нымдуулукту сактайт;
- ар кандай зыяндуу курт-кумурскалардан коргойт, ж.б.
- кээ бир өсүмдүктөр тамак-ашка колдонулат;
- алар малга тоют катары колдонулат.
Жаныбарлар, курт-кумурскалар, канаттуулар үчүн көп өсүмдүктөр баш калкалоочу жай катары
кызмат кылат. Ошентип, алар бардык тирүү жандыктардын, эң негизгиси, адамдардын экологиялык
коопсуздугун камсыз кылат. Алар кооз гүлү жана пайдалуу касиеттери менен биздин жашаган
жерибизди, үйүбүздү кооздоп турат.
Акыркы учурда көбүнчө өсүмдүктөр жоголууга дуушар болууда. Кээ бири отун катары кыйылып,
эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды, туристтик комплексттерди куруу үчүн алар тамыры менен
кошо жулунууда. Өсүмдүктөр барган сайын азайып баратат.
Урматтуу бул китепченин окурмандары, аларды сактап калуу үчүн бул өсүмдүктөр жөнүндө билүү
сизге кызыктуу жана пайдалуу болот деп ишенебиз. Китепчеде айыл чарбанын жаңы ыкмасы
пермакультурада жапайы өсүмдүктөрдү колдонуу боюнча маалымат: сүрөттөр, кыргызча жана
илимий аталышы/латын тилинде, кайсы мөмө-жемиш өсүмдүктөрү менен чогуу өстүрсө болот,
пайдасы, экологиялык касиеттери, кыскача мүнөздөмөсү, алар өскөн жерлер камтылган. Андан
сырткары, өзүнчө тиркемеде өсүмдүктөрдүн отургузуу жана багуу эрежелери, рокарийдин түзүү
эрежелери, тамыры бар өсүмдүктү казып албоо жана аны бүтүн сактоо үчүн аларды көбөйтүү
ыкмалары баяндалат.