Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан Эл-Тоо коомдук фонд катары 2001-жылдан бери иштеп келет. Бизде 19 жылдык жаратылышты коргоо, коомчулук арасындагы экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу жана экотуризмди өнүктүрүү сыяктуу көптөгөн тармактарда тажрыйбабыз бар.

Биздин максат – айлана-чөйрөнү сактоо, жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөтүү аркылуу жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан туруктуу жашоо-шартын түзүү жана айылдардын экономикалык абалынын кошумча кирешенин түрүн көбөйтүү аркылуу көтөрүү.

Максатыбызга ылайык төмөнкү багыттарды иш алып барабыз:

Пермакультураны аялдарга жана жаштарга үйрөтүү
Флора жана фаунаны сактоодо кичи коруктарды түзүүдемилгелери
Экологиялык туризм
Энергияны үнөмдөөчү технологиялар
Жаштарга экологиялык тарбия берүү
Жергиликтүү калктын экологиялык билимин жогорулатуу.
Коомдук демилгелерди колдоо


Биз өз долбоорлорубузду жергиликтүү эл, бийлик органдары, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташып, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талкуу жана биргелешкен аракеттер үчүн аянтчаны түзүү аркылуу ишке ашырабыз.

Биз жергиликтүү экологиялык активисттерге жана коомчулуктун демилгелерине колдоо көрсөтөбүз. Биздин аракетибиздин натыйжасында суулуу-саздак жерлерде жана сууда сүзүүчү канаттууларды коргоодо иштеген 2 коомдук демилге түзүлдү.