2020-жылдын июлунан баштап биз “Ысык-Көлдүн канаттуулары”- суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерге көмөк көрсөтүү долбоорун ишке ашырып келебиз. Бул долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кичи гранттар программасынын алкагында тарабынан каржыланган.

Бул бир жылдык долбоор жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, кызыкдар тараптардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү элдердин биргелешкен катышуусу менен ишке ашкан.

Долбоордун алкагында максаттарыбызга жетүү үчүн төмөнкү иш чараларды жүзөгө ашырылды:

Иш-аракеттер:

1. Изилдөө (отчеттун орусча версиясы бул жерден тапсаныз болот): суулуу-саздак жерлердин жана суу канаттуулардын учурдагы абалын изилдөө боюнча жүргүзүлдү, мында жергиликтүү айыл тургундарынын жана айыл өкмөттөрдүн ролу, экология боюнча элдин маалыматы жана жергиликтүү калктын практикасы, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ортосундагы кызматташуу деңгээли жана бул тармактагы мыйзамдарды талдоо.

2. Суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын сактоо көйгөйүнө арналган жумушчу топ. Жумушчу топко айыл өкмөттөрдүн, жергиликтүү калктын, бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, илимий ишкерлер кирген . Жумушчу топ суулуу-саздак жерлерди сактоодо мыйзамдагы кемчиликтерди жана жергиликтүү элдердин жерди колдонуудагы практикасын анализдеп, абалды жакшыртууга кенеш беришти.

3. Суулуу-саздак жерлер жана суу канаттууларын сактоо боюнча маалыматтык жана окутуу иш-чаралары:

  • Жергиликтүү элдер менен ачык жыйналыштар
  • Суулуу-саздак жерлер жана суу канаттууларын сактоо жөнүндө фильм
  • Окуучулар, жаштар, аялдар үчүн билим берүү семинарлары
  • Маалыматтык иш-чаралар

Биздин биргелешкен иш-аракетибиздин натыйжасында жергиликтүү экологиялык активисттер Кара-Талаа айылында 305 га жерди суу канаттууларын коргоо үчүн “Ак-Булуң–ЭКО” кичи-коругун ачышты. Бул аймак мурда мал жаюу үчүн колдонулган.