Биздин “Ысык-Көл канаттуулары – суулуу-саздак жерлерди жана суу канаттууларын коргоодо биргелешкен аракеттер” долбоорубуздун алкагында Ысык-Көл облусунун 5 айылынын окуучуларына (Кара-Талаа, Кара-Шаар, Туура- Суу, Оттук жана Шор-Булак), 6 айлык семинар өткөрдүк. Бул убакыттын ичинде мектеп окуучулары куш кароо, айылда экотуризмди өнүктүрүү, дебат, критикалык ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук, социалдык тармактарда кызыктуу контентти даярдоо сыяктуу башка жөндөмдөрдү үйрөнүштү.

Биз иштеген мектептердин арасында куш кароо хоббисин, жана суулуу-саздак жерлер, суу канаттуулары тууралуу маалыматты кенен жайылтуу үчүн, февраль айында 5 мектептин 8-10-класстары арасында Рамсар күнүнө арналган экологиялык сынактарды уюштурдук.

Маалымат үчүн: Жыл сайын 2-февраль күнү биз суулуу-саздак жерлердин жана суу канаттууларынын баалуулугу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк саздак жерлер күнүн (Рамсар күнү) белгилейбиз. Өзгөчө сууда сүзүүчү канаттуулар жашаган жер катары эл аралык мааниге ээ болгон саздак жерлер боюнча конвенция 1971-жылдын 2-февралында Рамсар шаарында (Иран) кабыл алынган ана ошондон бери Рамсар конвенциясы деп аталып келет. Рамсар конвенциясынын негизги максаты – дүйнө жүзү боюнча туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн каражаты катары саздак жерлерди сактоо жана туруктуу пайдалануу. Кыргызстан Рамсар конвенциясына 2002-жылы кошулган. Рамсардын тизмесине Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл ири көлдөрү кирген.

Мектеп окуучулары да, мугалимдер да бул иш-чарага кубануу менен катышышты, анткени COVID-19 чектөөлөрүнөн жана онлайн окуудан улам, мектептерде мындай иш-чаралар өткөрүлбөй калганына бир жылдан ашкан. Экинчиден, буга чейин мектепте экологияга тийиштүү көңүл бурулбагандыктан, атайын айлана-чөйрөнү коргоого арналган иш-чаранын өткөрүлүшү балдар үчүн жаңы жана кызыктуу болду.

ЭКО-КВНдин программасы:

Киришүү: Команданын атын жактоо
Командалар арасында канаттуулар жөнүндө викторина.
Үй тапшырма: канаттуулар жөнүндө аңгеме же тамсилден үзүндү.
«Канаттуулар жарышы». Мурунку сөздүн акыркы тамгасынан башталып башка куштун атын айтуу оюну
Канаттуулар жөнүндө ыр жана бий сынактары
Капитан жарышы: Канаттуулар боюнча макал-лакаптар таймашы
Мектеп окуучулары жогорку даярдыкты жана билимди көрсөтүштү. Иш-чаралар абдан көнүлдүү өттү. Ар бир команда белгилүү бир канаттууга арналган форма даярдашкан. Айрыкча “Ак куу менен фламинго” бийи, түлкү менен турна жөнүндөгү тамсил жана Туура-Суу айылынын окуучуларынын космостук тематикасы эсте калды.

Ысык-Көл облусунун 5 мектебинде Рамсар күнүнө карата өткөрүлгөн ЭКО-КВНдер