Эл-Тоо уюмунун негизги максаттарынын бири – жергиликтүү коомчулук менен иштөө. Биз коомчулуктун демилгелери эң туруктуу деп эсептейбиз жана ар бир долбоорлорубузда биз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө жана мүмкүн болсо, коомчулуктун демилгелерин изилдөөгө аракет кылабыз.
Биздин “Ысык-Көлдүн канаттуулары – суулуу- саздак жерлер жана суу канаттууларын коргоодо биргелешкен иш-аракет” долбоорунун алкагында биз мыйзамдагы кемчиликтерди, жана жергиликтүү коомчулуктун ролун талкуулоо үчүн коомдук угууларды өткөрүүнү пландаштырганбыз.
Биздин өткөргөн изилдөөнүн жана жумушчу топтун талкуусунун жыйынтыгы боюнча коомдук угууда төмөнкү темаларды талкууладык:

- Жергиликтүү калкка анча белгилүү болбогон суулуу-саздак жерлердин жана суу канаттуулардын маанисин түшүндүрүү (саздак жерлер = таза суунун булагы, климаттык шарттарга тийгизген таасири, селден сактоо функциясы ж.б.)
- Суулуу-саздак жерлердин мыйзамдагы орду, мисалы, кайсы аймактар корголот, кайсыл аймактар корголбойт,
- Аңчылык, суулуу-саздак аймактарда жашаган канаттууларды жана башка жаныбарларды атууга айып пул салуу, мыйзамсыз мергенчилерге жергиликтүү калк туш болгон учурда кандай чара көрүү боюнча талкуу
- Чакан коруктардын ролу жана жергиликтүү калк орнитологиялык туризм аркылуу кантип киреше таба алат
- Жергиликтүү калктын айлана-чөйрөнү коргоого ыктыярдуу инспекторлор катары же жарандар катары катышуу мүмкүнчүлүгү
- Коомдук угуулар Улахол айыл өкмөтү, Ысык-Көл биосфералык аймагы жана Ак-Булуң-ЭКО чакан коругу менен биргеликте уюштурулган.
Коомдук угуулар 2 саатка созулуп, ар бир айылдан төмөнкүдөй катышуучулар катышты:
Кара-Талаа айылы – 61 катышуучу (53 эркек, 8 аял)
Шор-Булак айылы – 110 катышуучу (18-29 жаштагы 30га жакын аял жана 30 жаштар)
Оттук айылы – 58 катышуучу (9 аял, 49 эркек)
Кара-Шаар айылы – 62 катышуучу (6 аял, 56 эркек)
Туура-Суу айылы – 35 катышуучу (бардыгы эркектер)
Коомдук угуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, элдин суулуу-саздак жерлер темасына кызыгуусу бар, анткени талкуу кызуу өттү жана катышуучулар долбоордун , Ысык-Көл биосфералык аймагынын жана башка өкүлдөргө көптөгөн суроолорду беришти.
Коомдук талкуунун жүрүшүндө төмөнкү суроолор көтөрүлдү:
- Мыйзамсыз балыкчылар таштап кеткен торлорду көзөмөлдөө жана балык уулоо үчүн кытай торлорун импорттоого тыюу салуу
- Саздуу жерлерди коргоо боюнча штаттан тышкаркы инспектор катары иш алып барууга даярдыгы жана Ысык-Көл биосфералык аймагы менен кызматташуу
- Экологиялык инспекторлорго ишенбөөчүлүктүн, анткени алар көбүнчө браконьерлер менен кызматташып, аларга мыйзамсыз лицензия беришет.
- Жол боюндагы эски бактарды кыйуу боюнча талаш-тартыштар
- Суулуу-саздак жерлерде мергенчилик кылуунун шарттары
- Мыйзамсыз балык уулоо жана анчылык
- Аңчылык туризмине караганда экотуризмге артыкчылык берүү
Жогоруда айтылган маселелер долбоордун тобу тарабынан жазылып алынып, жумушчу топтун экинчи отурумунда талкуулоо пландаштырылган.
Ар бир катышуучуга «Эл-Тоо» уюму тарабынан даярдалганбаракчалар тапшырылды, анда аңчылык айыптары жана мыйзамсыз аңчыга жолуккан учурда кандай иш-аракет кылуу , айлана-чөйрөнү коргоого кантип катышуу тууралуу жазылган.
Биздин өнөктөштөр Кыргыз-Туризм жана Кыргыз Жапайы Табиятты Коргоо Коому (КООДП) бизге жылдын канаттуулары атайын календарларын тартуулашты. Бул календарлар катышуучуларга таратылды.