2-февраль, Эл аралык суулуу-саздак жерлерди коргоого арналган Рамсар күнүнө карата, Эл-Тоо бир катар маалыматтык иш-чараларды ишке ашырды. Бул иш-чаранын алкагында ТВ 1 каналында Ысык-Көлгө келип кыштаган суу канаттуулары тууралуу репортаж даярдалды. Репортаждагы видеонун көп бөлүгү Эл-Тоо аркылуу тартылган.
Маалымат үчүн: Жыл сайын 2-февраль күнү биз суулуу-саздак жерлердин жана сууда сүзүүчү канаттуулардын баалуулугу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк Рамсар күнүн белгилейбиз. Өзгөчө сууда сүзүүчү канаттуулар жашаган жер катары эл аралык мааниге ээ болгон саздак жерлер боюнча конвенцияга 1971-жылдын 2-февралында Рамсар шаарында (Иран) кол коюлган жана ошондон бери Рамсар конвенциясы деп аталып келет. Рамсар конвенциясынын негизги максаты – дүйнө жүзү боюнча туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн каражаты катары саздак жерлерди сактоо жана туруктуу пайдалануу. Кыргызстан Рамсар конвенциясына 2002-жылы кошулган. Рамсардын тизмесине Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл ири көлдөрү кирген.