2024-жылдын 10-14-июнь күндөрү Нарын облусунун Учкун, Ак-Жар, Ак-Кыя жана Эмгекчил айылдарында, 17-24-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак, Коңур-өлөң, Кара-Коо, Кара-Шаар айылдарында жана Бөкөнбай-Манжылы жамаатында тренер Сулайманов Аскар тарабынан айылда өндүрүлгөн таза, табигый продукцияларды сатуу багытында “Пермакультура продукциясын ички жана тышкы базарда сатуу мүмкүнчүлүктөрү” аталышында тренинги болуп өттү.
Тренингде бизнес деген эмне, ал тууралуу жалпы түшүнүк, агро бизнес жана анын өзгөчөлүктөрү, ал чөйрөдө бизнес түзүү ыкмалары, анда эмнелерге көңүл буруу керектиги туурасында маалымат берилди. Тренинг учурунда катышуучулар командаларга бөлүнүп, алар эмне өстүрүп, эмнени өндүрүп, кандай продукция жарата алат деген максатта “Акылга чабуул” (Brainstorming) оюнуна тартылды.
Тренер ар бир продукцияны сатууга карата сунуштамаларды берди жана катышуучулар менен чогуу талкуулап, аны кандай түрдө сатса болот, андан кандай киреше алса болот деген сыяктуу маселелердин тегерегинде ойлору менен бөлүштү. Андан сырткары, продукцияга коюлган стандарттар, аны сертификациялоо жаатында талаптарды, аны кантип алуу керектигин кененирээк айтып берди. Ошону менен бирге продукцияны алга илгерилетүү ишинде маркетингдин ролуна да токтолду.
Катышуучулар өз кезегинде тренингдин алкагында жаралган суроолорун узатып, ага жоопторун алды. Алсак, өндүрүлгөн продукцияны кимге сатабыз, сатып алуучулардын бир эле булагын карап отура бербей дагы кандай жол менен өз алдынча жайылтып сатса болорун, сатуунун дагы кандай кошумча түрлөрү бар экендигин талкуулашты. Ошону менен катар брендинг жөнүндө да сөз козголду. Анда тренер аталыш жөнүндө жалпы маалымат берүү менен чектелбестен продукция товар катары кардарга канчалык деңгээлде сатып алууга жагымдуу, аны кантип өзүнө тартуу керектигине, анда эмнелер камтылышы зарыл экендигине, продукциянын курамы, чыгарылган датасы, жери болушу шарт экендигине токтолду. Ошондой эле эгер катышуучулар жеке ишкерлик менен алектенип, юридикалык жак катары иштейм десе, кандай документтер топтому чогултуу керектигин баяндап берди. Алсак, жеке ишкер ишмердигин жүргүзүүдө күбөлүк алууда оң жана терс жактарын, ЖЧК (ОсОО) болсо, эмнеге көңүл буруу керектиги, анын оң-терс жактарын түшүндүрүп берди.
Катышуучулар арасында басымдуу бөлүгү коммерциялык кооперативдерге биригүү алар үчүн ыңгайлуу экендигин билдирип, анын оң-терс жактарын сурап, мүмкүн болушунча маалымат алууга ынтызар экендиги, ага кызыгуулары байкалып турду. Ага ылайык тренер да бизге айылдарга коммерциялык кооперативдер боюнча долбоор жазып көрсөңөр кандай болот деген сунуштамасын берди.