2024-жылдын 4-августунда долбоордун алкагында Тоң районундагы органикалык өндүрүүчүлөр үчүн “Кызыл-Өрүк” фестивалы уюштурулду. Фестивалдын максаты – айылдарда өндүрүлгөн органикалык продукцияларды сатуу, ошондой эле Тоң районунун жергиликтүү экономикасына салым кошуу, экологиялык көндүмдөрдү жайылтуу болду. Фестиваль Тоң районундагы Кекилик кум жээгинде өткөрүлдү. Фестивалга Ысык-Көл жана Нарын облустарынын фермерлери, ошондой эле Каракол шаарынан жана Казакстандан келген кол өнөрчүлөр катышты.

Фестиваль конокторго ар кандай кызыктуу жана пайдалуу иш-чараларды сунуштады. Алардын арасында төмөнкүлөр болду:
Органикалык продукциялар жарманкеси. Бул секцияда жергиликтүү дыйкандар өздөрү өстүргөн жашылча-жемиштерди, балды, сүт азыктарын жана башка органикалык продукцияларды сатышты. Андан тышкары, коноктор колго жасалган буюмдарды да таба алышты.
Мастер-класстар бурчу. Бул секцияда коноктор байыркы түрк жазуусу болгон битик алфавитин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, жүндөн оюнчук жасоону үйрөнүштү. Балдар жана чоңдор тең кызыгуу менен кооз жана уникалдуу оюнчуктарды жасашты.

Кыргыз улуттук оюндары. Кекилик кум жээгинде кыргыз улуттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулду. Ордо, тапан жана башка салттуу оюндар ойнолуп, коноктор жигердүү катышышты. Айрыкча, жаштар арасында ордо оюну абдан популярдуу болду. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Сүрөт көргөзмөсү. Бул сүрөт көргөзмөсүндө Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкандарынын пермакультура бакчалары жана жарым чөл өсүмдүктөрү тууралуу сүрөттөр көрсөтүлдү. Көргөзмө коноктордун арасында чоң кызыгууну жаратты.
Фестиваль абдан кызыктуу өттү. Күн-Чыгыш айыл өкмөтү өз бюджетинен байгелерди даярдап, фермерлерди шыктандыруу үчүн үстөлдөрдүн көркөмдүгү жана уникалдуулугу менен өзгөчөлөнгөн кызыктыруучу белектер менен сыйлады. Иш-чара фольклордук концерт менен коштолуп, жандуу атмосфера түзүлдү. Бул фестиваль айылдардын органикалык өндүрүшүн колдоо, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана пермакультураны жайылтуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Ар бир өндүрүүчү өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаңы билимдерге ээ болду.
