“Биз айылыбыздын тургундарына айыл чарбачылгында  ийгиликтүү үлгүлөрүн көрсөткүбүз келет, бул бизге тезирээк өнүгүүгө шарт түзөт” Мирбек Карабалаев, долбоордун катышуучусу жана “Байчик” кооперативин төрагасы

Кооперативдик айыл чарбасынын кызыктуу дүйнөсүнө сапар алып, Учкун айылынын жашоочуларынын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизген долбоор тууралуу көбүрөөк билүүгө убакыт жетти. Бул маекте Карабалаев Мирбек өз тажрыйбасы менен бөлүшөт жана биз «Байчик» кооперативи бул жамааттын ажырагыс бөлүгү болуп калганын билебиз. Урматтуу окурмандар, биздин уюмдун долбоорун коштогон жетишкендиктер тууралуу кызыктуу окуяга сапарга чыгууга даярданыңыз.

Саламатсызбы Мирбек! Убактыңыз үчүн рахмат. Озүнүздүн  кызыгууңуз жана озүңүз  тууралуу айтып берсеңиз?

Менин атым Мирбек. Мен Нарын облусунун Учкун айылынын тургунумун, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенем. Жумушумдун көбү мал жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен байланышкан. Мындан тышкары бош убактымда долбоорлорго активдүү катышып, ыктыярчылык  иштерди жасап, уюштуруп келем. Айыл чарбасын  гана өнүктүрбөстөн, айылдын коомчулугуна да өз салымымды кошууга аракет кылам десем болот. Ушул жылдан тарта “Байчик” айыл чарба коммерциялык кооперативинин төрагасы жана  Учкун айыл аймагында түзүлгөн АКИА коомдук бирикмесинин төрагасымын.

Долбоордун алкагында окутууларга  катышууңузда кандай баалуу билимдерди жана көндүмдөрдү алганыңыз бизге абдан кызыктуу. Кандай көндүмдөрдү жана билимдерди алдыңыз? 

2022-жылдан бери “Эл-Тоо” долбооруна катышуу менен биз, Учкун айылынын тургундары, пермакультура тармагында баалуу билимге жана көндүмгө ээ болдук. “Эл-Тоо” долбооруна активдүү катышып, билимибизди кеңейтип келе жатабыз. Окутуулар бизге жашылча-жемиштерди өстүрүү, туура түрлөрүн тандоо, отургузуу ыкмалары, күнөсканаларды түзүү жана пермакультура боюнча билимибизди кеңейтүү мүмкүнчүлүк берди.

Айрыкча, көчөттөрдү туура отургузуу, өсүмдүктөрдүн илдеттерин алдын алуу, дарылоо жана түшүмдү сактоо ыкмалары жөнүндө билимдер пайдалуу болду. Алган билимди ишибизде колдонууга аракет кылып жатабыз. Учурда биз жашылча-жемиш аянтын кеңейтүү менен активдүү алектенип жатабыз. Албетте, иштин жаңы тармагына кадам таштаганда биз кыйынчылыктарга кабыл болуудабыз, бирок биздин аракетибиз тынымсыз ийгиликке жетүү үчүн багытталган.

 Сизди жана башка мүчөлөрдү долбоорго катышуу мезгилинде кооперативдин түзүлүшү менен куттуктайбыз! Кооперативдин ачылышы олуттуу жетишкендик. “Байчик” кооператив  иш багыты тууралуу айтып берсеңиз?

Ыраазычылык!  “Эл-Тоо” долбооруна катышып жаткан мезгилде биз коммерциялык кооператив түзүүнү чечтик. Биздин кооператив ишмердүүлүктүн бир нече түрдүү багыттарын камтыйт. Бул бизге айыл чарбасынын ар турдуу аспектилерин камтууга жана ар турдуу кызматтарды көрсөтуугө мумкундук берет. Биз жашылча-жемиштерди өстүрүү менен иш алып баруудабыз, бул адамдар үчүн маанилүү азык булагы. Мындан тышкары тоют камдоо, эт, сут өндуруу. Окутууну уюштуруу, айыл чарба жумуштарын техника менен камсыз кылуу жана акырында туристтерди кабыл алуу багыттарын  тандап алдык.

Учурда кооперативдин канча мүчөсү бар жана  кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жатканыңызды айтып бере аласызбы?

Айылыбыздагы 7 үй-бүлө кооперативге мүчө болуп, учурда жашылча-жемиш өстүрүүгө басым жасап жатабыз. Экспериментибиздин алкагында биз жашылчалардын ар кандай түрлөрүн, мисалы, сабиз, помидор, бадыраң, картошка, брокколи, түстүү капуста жана башка түрлөрүн отургузууну пландап жатабыз. Баса, азыр сабиз эгип жатабыз. Биз ошондой эле үрөндөрдүн ар кандай түрлөрүн, анын ичинде кымбатыраак, арзаныраак жана сертификацияланган үрөндөрдү да эксперимент кылып жатабыз. Айылыбыздын шартына эң сонун көнүп, жогорку түшүм бере алган үрөндөрдү аныктоону пландап. Ошентип, андан ары өстүрүү үчүн мыктысын  аныктоо ишиндебиз.

Биздин Учкун айылында аба ырайы башка айылдардан айырмаланып турат. Климаттык шартка байланыштуу себүүнү баштай албай калдык, бирок күнөсканаларыбыз пайдаланууга даяр. Биздин айылдын  чопо топурагын эске алып, кыртыштын сапатын жакшыртуу үчүн тоодон кык  ташып келебиз. Бирок жерди даярдоодо кыйынчылыктарга дуушар болуп жатабыз, анткени бизде тырмоо жана айдоо үчүн гана техникалар бар. Кыкты ташуу жана кол менен жүктөө үчүн да кошумча убакыт, техника талап кылынып жатат.

Долбоордун окутуу программаларына катышуунун натыйжасында айылда жана анын тургундарынын арасында кандай өзгөрүүлөр байкалды?

Билим берүү программаларына катышканыбызда айылыбызда байкаларлык өзгөрүүлөр болду. Биз чакан жерлерге кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, ар түрдүүлүк жана пермакультура принциптери боюнча баалуу билимдерди алдык. 

Тренинг учурунда биз үйрөнгөн жаңы ыкмалар менен идеяларга Учкундун эли абдан кызыгып баштады. Алар мөмө-жемиштерди кантип туура отургузуу жана аны кантип кошумча киреше булагы катары пайдалануу боюнча суроолорду беришет. Көптөр биздин ишибизди байкап, топуракты иштетүүнүн адаттан башка  ыкмасына көңүл бура башташты, жер менен иштөө  жумушубуз талкууларга алып келди.

 Келечектеги пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз жана кооперативди кантип өнүктүрүүнү пландап жатасыз?

Кооператив мындан ары да өз ишин улантат деген үмүттөбүз, анткени айыл эли тынымсыз мүмкүнчүлүктөрдү издейт. Биз айылыбыздын тургундарына айыл чарбачылгында  ийгиликтүү үлгүлөрүн көрсөткүбүз келет, бул бизге тезирээк өнүгүүгө шарт түзөт.

Биздин айылда жаз кеч келет, күз эрте келет, бул өзгөчө көңүл бурууну, иш аракетибизди ыңгайлаштырууну талап кылат. Айыл чарба шарттарын жакшыртуу үчүн ангарларды же күнөсканаларды курууну карап жатабыз. Кышында карай албаса да, кеч кузго чейин  тушум алгыдай кылып.  Бирок, биз мындайга өтүү үчүн,  каражат жагынан жеткиликтүү эмес, олуттуу каржылык салымдарды талап кылаарын түшүнөбүз. Ошондуктан, биз ар бир тургундун мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн, арзаныраак жолдорду табып. Келерки жылы бул багытта эксперимент жүргүзүүнү ойлоп жатабыз.

Ошондой эле, биздин пландарыбызда 7 түрдүү багыт боюнча кооперативдин 7 мүчөсүн өнүктүрүү  жана башка мүчөчөлөрдү катарыбызга алуу иштер бар.

Тажрыйбаңызга жана билимиңизге таянып, келечектеги долбоорлорубуздун катышуучуларына кандай баалуу кеңештерди айткыңыз келет?

Долбоордун келечектеги катышуучуларына кеңешим, окууларда активдүү болуп жана  ар бир нерселерге көңүл буруңуз. Баарын жазып алып, бир дагы окууну  калтырбаганга аракет кылыңыздар. Алынган билимди практикада колдонуңуз жана тажрыйбаңызды активдүү кеңейтиңиз. Жаңы билимди башкалар менен бөлүшүп турсаңыздар. Рахмат!

Биздин  Учкун айылындагы долбоордун катышуучулары  Нарын областы боюнча жашылча менен камсыз кылуу максатында «Байчик» кооперативин түзүштү